Эдигеева Айсанат

Бүгүнкү сөз 2011-2012 жылкы Туз мектебинин бүтүрүүчүсү жаш актриса Эдигеева Айсанат тууралуу болмокчу.Айсанат кичине кезинен тартып искусствого жакын ,мектепте окуп жүргөн кезинде эле каармандардын ролдорун катыра аткарып ,окуучулардын эң алдыңкыларынын бири эле.Окууну бүтөөр замат Б.Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайына өтүп,аны ийгиликтүү аяктап,азыр мына көрүнүктүү актрисалардын катарына кошулуп турган чагы.Бул да болсо биздин сыймыгыбыз!Айсанат келечегиң кең болуп,бактылуу бол!