Мектеп талаасы.
А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери боюнча иш чара жогорку деңгээлде башталды.Мектептин директору Джунушева Динара Молдобековна баш болгон мектептин жалпы жамааты 11 кл окуучулары менен биргеликте мектептин айдоо аянтына 370 мөмө бактарын(алма,өрүк,алча.слива) отургузушту.Бул абдан жогорку деңгээлдеги жетишкендик деп ойлойм.Келечекте балдарыбыз экологиялык таза мөмө жемиштерди жесе,ашканабызда өзүбүздөн чыккан кыям,жемиштер турса кандай сонун!Балдардын көңүлү көтөрүлүп.дени сак болсо,бул биздин жетишкенибиздин дагы бир белгиси.Мектептин жалпы жамаатына жана 10.11.кл.окуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз!
20.03.2021
Комментарии