Мен, Мусабаева Мээрим 1979-ж. 25- декабрда Чүй обл-на караштуу Кемин р-гы Кичи-Кемин айылында туулгам. 1996-ж. Б. М. Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебин ийгиликтүү аяктагам. 1996-2001 жж. БГУ тюркология факультетинде билим алып, кыргыз тили дана кыргыз адабияты мугалими адистигине ээ болгом. 2001-ж. бери Нарын обл-на, өз кесибим боюнча эмгектенип келгем. Турмуш-шартка байланыштуу Туз а-на көчүп келгенбиз. 2010-ж. бери А. Айталиев атындагы Туз о/м кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалим болуп эмгектенип келе жатам.
Үй-бүлөлүк абал: никелүү, 4 балалуу
Сыйлыктар: 2013 ж. РБББ Ардак Грамота
2017 ж. Туз а/а Ардак Грамота
2018 ж. РБББ Ардак Грамота
Иш тажрыйба: 20 жыл
Кызыкчылыктар: Көркөм адабият.